Гуля Алмамбетова: жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн тосмолор орнотулууда
Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүнө тосмолор жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн орнотулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
"Тосмолордун узундугу 3,5 чакырым, туурасы 1,5 метрге жетет", — деди ал.
Бетон тосмолор "Кудайберген" базарынын жака-белине орнотула турган болду.