БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүн жабууда бир нече өзгөртүүлөр болгонун Кайгуул милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалайбек Бугубаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Киев жана Абдымомунов көчөлөрү саат 15.00гө чейин жабык болот. Буга чейин аталган көчөлөрдү саат 17.00дө жабуу пландалган.
Бугубаевдин айтымында, Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 8.00дөн тарта жабылган. Чектөө 1-январда алынат. Ал эми Абдымомунов көчөсүнүн Раззаковдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы автоунаалар үчүн жабык болот.
Белгилей кетсек, Чүй проспектисинин аталган бөлүгү атайын бетон тосмолор менен тосулду.
Ал ошондой эле Киев көчөсүнүн жабылышы троллейбус менен автобустардын жүрүүсүнө эч кандай таасир бербей турганын кошумчалады. Ал эми саат 15.00дөн тарта маршраткалардын жүрүшүнө тыюу салынат.