БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Chevrolet Avalanche унаасынын айдоочусу бейбашчылык деген берене менен айыпка жыгылганын Кайгуул милициясы билдирди.
Эскерте кетсек, 24-декабрга караган түнү сноубордчулар Бишкектин көчөлөрүнөн муз тээп, ал сүрөттөрдү кийинчерээк социалдык тармактарга жайгаштырышкан.
"Административдик кодекстин 249-беренесине (автобейбашчылык) ылайык, айдоочуга 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды", — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеменин маалымат кызматы жазаланган жаран анын "эс алуусу" бейбаштыкка теңелип жатканын угуп аябай таң калганын кошумчалады.