БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Казарман — Акталчат — Нарын автоунаа жолу жабыла турганын ӨКМ билдирди.
Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, Казарман — Акталчат — Нарын унаа жолунун 44-45 жана 67-94- чакырымдары Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
"Ошонун негизинде артиллериялык куралдарды колдонуу менен Кара-Көө ашуусунда кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чараларын аткаруу талабы коюлган", — деп айтылат маалыматта.
Кар көчкүнү атууга КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Балыкчы аткычтар батальонунан артиллериялык расчет бөлүнгөн. 27-29-декабрь күндөрү ӨКМдин, Транспорт министрлигинин кызматкерлери жана артиллериялык расчеттун курамы менен биргеликте кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшөт.