Анкарадагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында Түркиядагы орус элчиси Андрей Карловго ок атылып, ал каза болду.
Ал эми Мексиканын Тультепеке шаарында пиротехникалык каражаттарды саткан базарда жарылуу болуп, 290 павильон күйүп кетти. 30 адам көз жумуп, 60 адам жабыр тартты.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барып, Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду.
Иран президенти Хасан Роухани 22-декабрь күнү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Ал эми Москвада президент Владимир Путиндин жыл сайын өтчү маалымат жыйыны болду.
Жекшемби күнү Россиянын Коргоо министрлигине караштуу Ту-154 учагы кыйроого учурады. Сочиден май куюп алып Сирияга бет алган учак 7 мүнөттөн кийин Кара деңизге кулап түштү. Аман калгандар жок.

Анкарадагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында Түркиядагы орус элчиси Андрей Карловго кол салуу болуп, ал каза болду. Элчиге ок аткан Мевлют Мерт Алтынташ полиция кызматкери болуп чыкты

Орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө байланыштуу Кыргызстандагы орус элчилигиндеги көңүл айтуу китеби

Кашмирдеги Анчар көлүндөгү балыкчылар

Мексиканын Тультепеке шаарында пиротехникалык каражаттарды саткан базарда жарылуу болуп, 290 павильон күйүп кетти. 30 адам көз жумуп, 60 адам жабыр тартты

19-декабрь күнү Берлиндеги жаңы жыл алдындагы жарманке болуп жаткан жерди жүк ташуучу унаа аралап, 12 адамды тебелеп өлтүргөн. Дагы 48и жабыр тартты. Германия бийлиги муну теракт деп баалап, ал эми жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" алды

Иран президенти Хасан Роухани 22-декабрь күнү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

РФ президенти Владимир Путиндин жыл сайын өтчү маалымат жыйыны болуп, ал 3 саат 50 мүнөткө созулду

Тайвандагы "зомбилер жарышынын" катышуучулары

Биринчи каналдагы жаңы жылдык программаны тартуу учуру

Бишкектеги бурганак учурунда таттуу кебез сатып жүргөн апа

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барып, Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду

37 градус суукта бакта бий көрсөтүп жаткан бийчи. Кытайдын Хэйлунцзян провинциясы

"On-Art" япон корпорациясынын робот-динозаврлары

Британиянын жашоочулары жылдын эң кыска күнүн белгилеп жатат

Москвадагы "Дайвинг" спорт клубундагы бассейнде жаңы жылдык майрам

Ирактын Мосул шаарындагы жардыруучу заттар толтурулган эки унаа жарылып, ондогон адам каза тапты. Унаалардын бири балдар аянтчасынын, экинчиси мечиттин жанынан жарылды

Россиянын Коргоо министрлигине караштуу Ту-154 учагы кыйроого учурады. Сочиден май куюп алып Сирияга бет алган учак 7 мүнөттөн кийин кулап түштү. Каргашалуу кырсыктан эч ким аман калган жок
