БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Индияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Президент визит маалында Индия президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари жана премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат. Ошондой эле кыргыз-индия бизнес форумуна катышат", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.