БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Эртең, 18-декабрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
18-декабрда күндүз Чүй, Талас өрөөнүндө 5 градус суук болот, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3 градуска чейин жылуу болсо, Ысык-Көлдө дагы ушундай эле аба ырайы сакталат. Ал эми Нарында 12 градус суук болот.