БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кесипкөй модель Чолпон Мамбетова Miss Tourism International – 2016 эл аралык сулуулук сынагында Кыргызстандын намысын коргоп жатканын модель борборунун директору Алтынай Исманкулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, сынак 14-декабрда Малайзиянын борбору Куала Лумпурда башталып, 1-январга чейин уланат. Жеңүүчүнүн ысымы 31-декабрда жарыяланышы күтүлүүдө.
Miss Tourism International сынагы 1994-жылдан бери Малайзиянын өкмөтү жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет. Быйыл ага 54 өлкөдөн келген сулуу катышып жатат.
24 жаштагы Мамбетова дүйнөлүк сынактарга алгачкы ирет катышып жаткан жок. 2014-жылы ал өлкө намысын Эквадордогу конкурста коргогон. Мындан тышкары, кыргызстандык бийкеч бир катар улуттук сынактардын катышуучусу катары белгилүү.