БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Байланыш агенттиги компьютер, кеңсе товарлары жана медициналык каражаттарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Байланыш агенттиги жогоруда көрсөтүлгөн товарларга 1 миллион 179 миң 879 сом сарптоого даяр.
Тендер 16-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 21-декабрда аяктайт.