БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Абдулла Ариповду Өзбекстандын премьер-министрлик кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков Ариповдун аталган кызматка дайындалышын анын эмгегине жана бай тажрыйбасына берилген баа катары санай турганын белгиледи.
"Кыргыз-өзбек мамилелерин эске алуу жетишилген макулдашууларды жана алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында кызматташууга даяр экенимди билдирем", – деп айтылат куттуктоодо.
Өкмөт башчы өз сөзүндө Ариповдун демилгелери жана алдыга койгон максаттары келечекте өзбек элинин бакубаттулугун жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошооруна ынанарын кошумчалады.