00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдөгү айрым балдар үйүнүн жетекчилери сөгүш алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБала бакчанын тарбиялануучулары. Архив
Бала бакчанын тарбиялануучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-октябрдан 4-ноябрга чейин Акыйкатчы институтунун аппараты Ысык-Көлдөгү балдар үйлөрүнүн абалына текшерүү жүргүзгөн. Аныкталган эреже бузуулар тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилген.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы айрым балдар үйлөрүнүн жетекчилерине Акыйкатчы институтунун текшерүүсүнөн кийин сөгүш жарыялангандыгын Омбудсмендин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 31-октябрдан 4-ноябрга чейин Акыйкатчы институтунун аппараты Ысык-Көлдөгү балдар үйлөрүнүн абалына көзөмөл жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында айрым эреже бузуулар аныкталып, алар тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилген. 

"Ирада" балдар үйүн текшерүү учурунда ал жакта 11 бала бар экени аныкталган. Алардын баары ал жакка мыйзамды бузуу менен алынган. Себеби, 10 бала боюнча соттун же атайын комиссиянын чечими болгон эмес. Андыктан, Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, "Ирада" балдар үйүнүн жетекчиси Гүлзана Сарчаловага, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысына, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш берилгени билдирүүдө айтылат. 

Ошондой эле атайын топ Ак-Суу районундагы "Тегизчил" кризистик борборун текшергенде ал жакта беш бала бар экенин, алардын баары ооруп жатканы маалымдалат. Ал жактын санитардык абалы талапка жооп бербей, жылуулук берүү системасы дагы болгон эмес. Андан сырткары дары-дармек менен тамак-аштын тартыштыгын аныкташкан. 

Распитие пива на улицах - Sputnik Кыргызстан
Коомдук жайларда ичимдик ичкендерге жаза 10 эсеге күчөтүлөт
Аталган борборго бөлүнгөн бюджеттик каражаттын колдонулушун текшерүү боюнча Омбудсмен институту Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайрылган. Азыр министрлик тарабынан атайын комиссия түзүлүп, кризистик борбордо түзүлгөн абалды иликтемекчи.

"Ирада" балдар үйүнүн жетекчиси Сарчалова Акыйкатчы институтунун чыгарган корутундусунун бардыгы менен макул эместигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Ал болгону балдарды кабыл алуу боюнча соттун чечими болгон эмес дегенге гана макул экенин айтты. 

"Биз башында беш жыл кризистик борбор катары иштедик. Балдар келип кетип турчу. Алты айдан кийин алар башка балдар бакчаларга которулуп, же туугандарына берилчү", — деди ал.

Ошондой эле, 31-октябрда Акыйкатчы институтунун аппаратынан мониторинг үчүн атайын топ келгенин ырастап, ал учурда жумушта болбогондугун айтты. 

"Алар бөлмөлөр муздак деп кетишкен. Бирок жылуу эле болчу. Күнүнө үч маал терезелерди ачып желдетебиз. Алар ошол желдеткен маалга туш келип калышкан. Андан сырткары үйдүн ичи санитардык нормага жооп бербейт деп кетишкен. Чынында бардыгы норманын чегинде болчу. Эртеси күнү Каракол шаарынын Санэпид көзөмөлү келип эч кандай норма бузууларды тапкан жок", — деди Сарчалова.

Школьное питание в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын бала бакчаларына 8 млн. сомго азык-түлүк алынат
Адистер ар бир бөлмөнү атайын аппарат менен текшерип, анын ичиндеги температура 19-21 градус экенин аныктаганын кошумчалады.

Балдардын аталган жайына жылына мэриядан тамак-аш үчүн 230 миң, балдардын кышкы кийимине 10 миң, жайкы кийимине 10 миң, андан сырткары оңдоп түзөө иштерине 20 миң сом, башка чыгымдар үчүн 5 миң, дары дармекке деп 3 миң сом бөлүнөрүн Сарчалова кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0