БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Нарын шаарындагы бала бакчаларга азык-түлүк сатып алуу үчүн Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, мекеме азык-түлүк үчүн 8 миллион 135 миң 591 сом сарптоого даяр.
Тендер 6-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 28-декабрда аяктайт.