Кино сынакта жалпысынан 26 тасма ат салышкан. Алардын 12си улуттук болсо, 14ү эл аралык кинолор болду.
Калыстар тобу Дарежан Омирбаев, Вирджилиу Мерджиняну, Элла Манжеева, Таалайбек Кулмендеев жана Мансур Васатиден турду.
Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстандын кинематографисттер бирикмеси, Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жана "Айтыш" коомдук фондусунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык фестивалынын медиа өнөктөшү.