БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө белгилүү актриса Жамал Сейдакматовага арналган "Менин атым Ысык-Көл" аттуу документалдуу тасманын бет ачары болорун Кинематография департаменти билдирди.
Аталган тасма театр жана кино тармагындагы белгилүү актриса, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын чыгармачыл жолуна арналган. 2016-жылы актриса чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 60 жылдыгын белгиледи.
Документалдуу тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын колдоосу менен режиссер Дальмира Тилепбергенова тарабынан тартылган.