Шейшемби күнү Кыргызстанда кар жаайт

Жазылуу
Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү Кыргызстандын аймагында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек менен Ош шаарларында таңга маал кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 2 градуска чейин суук болуп, күндүз абанын температурасы 5…7 градуска жогорулайт. 

Кыргызстандын башка аймактарында да жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0