Флешмоб улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып, дүйшөмбү күнү саат 17.00дө тартууланды. Ага 100гө чукул киши катышты.
Соода борборуна келген кардардын көбү иш-чарага катышуудан баш тарткандыктан MannequinChallenge флешмобу толук кандуу максатына жетпей калды.
Акыркы эки айдан бери Интернет айдыңында MannequinChallenge флешмобунун даңкы барган сайын артып барат. Акцияга шоу-бизнестин өкүлдөрү, спортчулар, саясатчылар жана жай тургундар да катышууда. Максаты — операторлордун бир орунда катып калган адамдарды видеого тартып, андан соң Интернетке жайгаштыруу.