БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында 8-9-декабрь күнү "Эл ичи — өнөр кенчи" аттуу республикалык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Бул конкурсту өткөрүү үчүн министрлик тарабынан эки миллион сом каралган.
Белгилей кетсек, 8-декабрда Кыргызстандын түндүк аймагы боюнча кароо сынактын тандоо туру өтөт. Буга чейин тандоо туру өлкөнүн түштүк аймагында өткөрүлгөн болчу.
9-декабрдагы гала-концертте элдик таланттардын эң мыктылары аныкталып, белектер ыйгарылат.