Гүлжигит Аалиев: реанимациядагы 12 кишинин 10у — жаш бала
Республикалык инфекциялык оорукананын реанимация бөлүмүндө сасык тумоо менен ооруган 12 киши жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
"Биздин оорукана 400 адамга ылайыкталган. Бирок ушул тапта 487 адамды дарылап жатабыз. Кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан 12 кишинин 10у — балдар. Алгач оор акыбалда түшкөнү менен азыр көпчүлүгүнүн абалы турукташып калды" — деди дарыгер.
Анын айтымынд,а учурда ооруканада 487 жатса, 299у — сасык тумоого чалдыккандар. Бактыга жараша, оорудан каза болгондор жок.