Сасык тумоону дарылоодогу 5 катачылык

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым адамдар сасык тумоону оору катары кабыл албай, жумушка барып, кадимки жашоосун улантууга аракет кылат. Сасык тумоо өтүшүп кетсе, башка кооптуу ооруларды козгоп чыгат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Көпчүлүк адамдар сасык тумоону дарылоодо элементардык каталарды кетиришет. Анын айынын оорусун күчөтүп, бир нече жума бою кыйналып жүргөндөр аз эмес. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалова билдирди. 

"Сасык тумоо башталган күндөн тарта басып жүрө бербей, төшөккө жатыш керек. Дене табын атайылап түшүрүп, же антибиотиктерди ичүү туура эмес. Колдон келсе, бир канча күн бою бир бөлмөдөн чыкпай койгон дагы туура. Анткени сасык тумоону басып жүрүп өткөрүү өтө кооптуу. Күчөп кетсе бир айга чейин айыкпайт",—дейт Тобокалова. 

Ошондой эле дарыгер сасык тумоо маалындагы оорулуулар эң көп кетирчү 5 катачылыкты санап берди:

1. Антибиотиктер – сасык тумоону антибиотикти сезбеген вирустар чакырат. Анын үстүнө антибиотиктер организмге пайдалуу бактерияларды өлтүрөт. 

Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер: сасык тумоону антибиотиктер менен дарылоого болбойт
2. Дене табын атайылап түшүрүү – 38,5 градуска чейин көтөрүлгөн дене табын дары-дармек менен түшүрүү туура эмес. Дене табынын көтөрүлүшү организмдин ооруга каршы күчү деп эсептелет.

3. Мончого түшүү – сасык тумоо маалында адамдын дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай учурда мончого кирүү өтө кооптуу. Организм ысыкты көтөрө албай, мээге кан куюлуп кетиши ыктымал. 

4. Камаарабоо — айрым адамдар сасык тумоону оору катары кабыл албай, жумушка барып, кадимки жашоосун улантууга аракет кылат. Сасык тумоо өтүшүп кетсе, башка кооптуу ооруларды козутат. 

5. Жатып дарылануудан качуу – сасык тумоодон басып жүрүп кутулуу абдан татаал. Ал туптуура 7 күнгө созулган оору. Бир ай жөтөлүп жүргөндөн көрө, бир жума үйдөн чыкпай койгон туура. 

Дарыгердин айтымында, сасык тумоону дарылоого "Интерферон" жана "Арбидол" дарыларына Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан расмий уруксат берилген. Бул каражаттардын каршы көрсөтмөлөрү жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0