Алмазбек Атамбаев: Улан Исраилов татыктуу министр, анткени ал таза адам
Улан Исраилов татыктуу министр. Бул тууралуу президент маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Улан Исралиев татыктуу министр. Катардагы милициядан баштап, РИИБди жетектегенге жетти. Эгерде Атамбаев бир кишиге ишенсе, ал үчүн аны күнөөлөгөн туура эмес. Мен аны көптөн бери билем. Бир жыл күтөлү. Ошондо билинет", — деди президент.
Алмазбек Атамбаев кийинки өкмөт Исраиловду жумушта кал деп суранаарын кошумчалады.