Исраилов Улан Жумабекович. Өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Алмазбека Атамбаева и директором АКС ГКНБ Уланом Исраиловым
Встреча Алмазбека Атамбаева и директором АКС ГКНБ Уланом Исраиловым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улан Исраилов 1973-жылы 19-сентябрда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. СССР ИИМдин Омск шаарындагы жогорку мектебин укук таануу кесиби боюнча аяктаган.

  • 1991-1995 — СССР ИИМдин Омск шаарындагы жогорку мектебинин студенти;
  • 1995-1995 — КР ИИМнин запастагы өкүлү; 
  • 1995-1999 — Бишкек шаарындагы Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
  • 1999-1999 — Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын запастагы өкүлү; 
  • 1999 — штат кыскарганына байланыштуу иштен бошотулуп, КР Куралдуу күчтөрүнүн запастагы өкүлү болгон;
  • 2004-2005 — КР ИИМдин мамлекеттик кайтаруу боюнча атайын кызмат департамент милициясынын полкунун командири;
  • 2005 — КР ИИМдин мамлекеттик кайтаруу боюнча атайын кызмат департамент милициясынын батальонду коргоо полкунун инспектору;
  • 2005-2008 — КР ИИМдин мамлекеттик кайтаруу боюнча атайын кызмат департамент милициясынын полкту коргоо ротасынын инспектору;
  • 2008 — июндан сентябрь айына чейин ИИМдеги атайын ротанын физикалык жана юридикалык жактарды коргоочу жана милиция полкунун материалдык баалуулуктарын коштоо боюнча командиринин орун басары; сентябрь айынан октябрга чейин ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын инспектору; 
  • 2008-жылдын октябрь айында иштен бошотулуп Куралдуу күчтөрдүн запастагы өкүлү болгон;
  • 2011-2013 — УКМКнын 9-кызматынын кызматкери;
  • 2013-2014 — Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги;
  • 2014-2016 — ИИМдин 7-башкармалыгынын начальниги;
  • 2016 — март айынан тарта УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангындагы Коррупцияга каршы кызматынын директору; ноябрь айынан тарта Кыргызстандын ички иштер министри. 

Милициянын полковниги.

Жаңылыктар түрмөгү
0