БИШКЕК, 1-дек.— Sputnik. "Алга" футболдук клубу (Бишкек) башкы машыктыруучу Александр Бельдинов менен келишимди дагы бир жылга узартты. Бул туурасында Футболдук лигадан билдиришти.
"Алганын" 36 жаштагы жетекчиси 2016-жылдан тарта ишке киришкен. Ал команданы алтын медалга сүйрөп, жыйынтыгында коло алган. Ал эми футболчулар 2015-жылдын оюнунда төртүнчү да орунга илинбей калган.
Аталган лиганын маалыматына караганда, клубдун жетекчилиги команданын оюндарына ыраазы болгондуктан, келишимди узартууну чечкен. Андан сырткары, анын эки жардамчысы менен да кызматташуу келишинин мөөнөтү узартылды.
Команда декабрдан тарта жаңы сезонго даярдана баштайт.