БИШКЕК, 30-ноя, — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Бусурманкул Табалдиевди, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди жана Мамлекеттик тил тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кызматынан бошотту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Бусурманкул Табалдиев жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Маалыматта калган эки аткаминердин да кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазгандыгы кабарланды.