БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында маалымат жыйын өткөрө турганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, жыйын 1-декабрга белгилеген.
Маалымат жыйындын алкагында президент ата мекендик жана Кыргызстанда аккредитациядан өткөн чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.