БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы окуу жайлар менен административдик мекемелердин айланасындагы муздарды тазалоо тапшырмасы мэр Албек Ибраимов тарабынан берилгенин мэриядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, имараттардын айланасынын тазалыгын мекемелердин жетекчилери көзөмөлгө алуулары керек.
Мындан тышкары, санитардык экологиялык инспекциясы тарабынан "Орто-Сай" базарынын айланасындагы 30 мекеменин жетекчилигине өз аймагындагы муздарды тазалоо тапшырмасы берилген.