БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Колумбияда авиакырсыкка кабылган учактын электр жабдыктары бузулганы тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берип малымдоодо.
Медельин аэропортунун администрациясы билдиргендей, экипаж өзгөчө кырдаал боюнча жергиликтүү убакыт боюнча 22.00дө кабар берген.
"Алар электр жабдууларындагы бузулуулар жөнүндө кабарлашкан", – деп айтылат таратылган кабарда.
Агенттиктин маалыматы боюнча LAMIA авиакомпаниясынын учагы Бразилиядан чыгып, Колумбияга сапар алар алдында Боливиянын Санта-Круз шаарында токтогон. Буга чейин кырсыкка кабылган учактын күйүүчү майы түгөнүп калганы тууралуу Ла-Сеха шаарынын мэри билдирген.