БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкектин 7-кичи районунда жайгашкан жеке мектептеги өрт өчүрүлүп, учурда жанындагы чиркөө алоолонуп күйүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн, саат 08:40 ӨКМге өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Учурда мектептеги өрт толугу менен өчүрүлдү. Ал эми чиркөөдөгү өрт жалындап күйүүдө. Имарат урайын деп калды", — деди кабарчыбыз.
Белгилей кетсек, буга чейин Тез жардам кызматы окуядан жабыркагандар жок экенин айткан.
Бишкектеги жеке мектептен чыккан өрттөгү кадрларды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>