БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Дордой" базары убактылуу жабылып, кооптуулуктан улам элди чыгарып жатышат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Эске сала кетсек, бүгүн, 29-ноябрда "Дордой" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калган.
"Учурда Дордой базар толугу менен жабылды. Урап түшкөн чатыр 450 чарчы метрди басып калган. Кырсыктан үч адам жабыркап, бирөөсү шаардык №4 ооруканага жеткирилди", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматынын өкүлү.
Жаракат алгандардын үчөөсү тең аялдар.