БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын өнөр-жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга Россия 500 миң АКШ доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр-жайды өнүктүрүү мекемесинин 50-жумушчу отурумунда белгилүү болду.
Анда Кыргызстандын вице-премьери Олег Панкратов Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуусун талкуулашкан.
Иш-чаранын алкагында Геннадий Гатилов Кыргызстандын өнөр-жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн Россия 500 миң доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алганын билдирген.