БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы Жаңы жылга карата 2,5 миллион сомго белек сатып алууга ниеттенүүдө. Бул боюнча арыз Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бир даанасы 550 сомго бааланган 4450 белек сатып алуу каралууда.
"Биздин компаниянын кызматкерлери Талас, Чүй облустарында жана Бишкекте иштешет. Кызматкерлер көп. Жаңы жылга карата алардын балдарына белек берүү пландалууда", — деди "Түндүкэлектр" компаниясынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева.
"Түндүкэлектр" ишканасынын акцияларынын 93,65 пайызы мамлекетте тиешелүү.