БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогунда 4 — 4,5 балл болгон.
Жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 11.06да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болуп, Ош облусунун Нура айылынан 45 чакырым алыстыкта орун алган.
"Нура айылында 3 балл сезилген. Жабыр тарткандар жана кыйроолор жок", — деп ӨКМ билдирди.
Буга чейин да Кыргызстан жана Кытайдын чектешкен аймагында 6,8 баллдык жер титиреген. Анын күчү Кыргызстандын түштүк аймагында дагы сезилген.