БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түндө Кыргызстандын түштүк аймагында жер эки ирет термелди, саат түнкү бирге чукул 2,5 балл, ал эми экинчи ирет үч балл болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи ирет термелүү 00 саат 54 мүнөттө Оштон 148 чакырым аралыкта болуп, эпицентри Тажикстанда болуп төрт баллга жеткени аныкталган. Ал эми Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чукул болгон.
Андан эки саат өткөндөн кийин жер титирөө Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында катталып, үч баллга жеткен.
КРдин Сейсмология институту жердин силкинүүсү Кыргыз-Кыштак айылынан түштүк-чыгышты көздөй алты, Алга айылынан түндүк-батышты карай сегиз чакырым, Баткен шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 56 чакырым аралыкта болгонун билдирди.
ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин жана материалдык чыгым жоктугун кабарлады.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>