БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Археологдор Египеттен байыркы шаардын калдыктарын табышты. Бул тууралуу РИА Новости Франсс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган шаар биздин заманга чейин 5316-жылы курулган.
"Байыркы шаардан табылган мүрзөлөрдүн ичи кенендиги анда тектүү адамдар коюлгандыгынан кабар берет. Анткени байыркы Египетте колунда барлардын мүрзөзү башкача казылган", — деп жазылат маалыматта.
Окумуштуулардын божомолунда аталган калаа байыркы Египеттеги эң биринчи борбор — Абидос болушу мүмкүн.