Бакыт Төрөбаев: жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтпөсө, от чыгып кетиши мүмкүн
Алдыдагы шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатам. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Эске сала кетсек, 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.
"Парламенттик шайлоо жаңы технологиялар менен өттү. Анда эч ким нааразы болгон жок. Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоодо фальсификация болобу деп шектенип жатабыз. Бир дарекке көп адамдарды каттап жатышат. Алардын бул дарекке тиешеси жок", — деди Төрөбаев.
Ал жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза өтпөсө, от чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирди.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.