Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байда кедейдин көз акысы бар – эмне тууралуу кеп болуп жатат?

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген байбичелер. Архив
Улуттук кийим кийген байбичелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди жакшы билбеген адамдар "бүркүткө чырга сүйрөткөндөй кылуу, жети каңтары бар" деген сөздөрдү укса эмне тууралуу кеп болуп жатканын түшүнбөй калышы мүмкүн. Ал боорун тырмады десе "кантип адам ичиндеги боорун тырмайт?" деп таңыркагандар четтен чыгат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. "Тибиртке" рубрикасы Мамлекеттик тил комиссиясынын жардамы менен фразеологизмдерди чечмеледи. 

Аарынын уюгундай — абдан уу-дуу болгондой, ызы-чуусу, кыжы-кужусу көп. Мисалы: залдын ичи аарынын уюгундай кыжылдайт.

Ажалдын оозуна түшүү — кыйынчылыкка кабылуу, катаал учурга туш келүү. Мисалы: ажалдын оозуна түшүп көрсүн, анан аман кайтканын көрөюн. 

Презентация проекта под названием Войлочный мир — дух кочевья в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Ак каптал Доорон дүйнөдөн так өттү — эмне тууралуу кеп болуп жатат?
Бет бактырбоо — айтканга көнбөө, моюн сунбоо, жолотпоо. Мисалы: Койгула аралашпагыла!, — деп Кален бет кактырбай тыйып салды. Алкынган албуут катын тажаалданып, Алмакемди бет бактырбайт.

Боорун тырмоо — ыкшып, аябай күлүү, ээрип калуу, күлкүсүн токтото албай ыкшып калуу. Мисалы: жаш мугалим кыз аябай күлкүчү эле, боорун тырмап ээрип калды. Кээ бирөө боорун тырмап өбөктөйт. 

Бүркүткө чырга сүйрөткөндөй кылуу — создуктуруу, алаксытуу, алдоо маанисинде. Мисалы: ал кубаттуу душманы менен убактылуу болсо да, көңүлүн бүркүткө чырга сүйрөткөндөй кылып алаксыта туруш үчүн да анын башына жалгыз аяк кызыл башты садага чаап коюшу толук ыктымал болучу.

Жети каңтары бар — сыйдан же жакшы тамак-аштан куру калмасы бар, көп нерседен куру калат деген мааниде колдонулат. Мисалы: анын ошондой жети каңтары бар. Ушундай жети каңтары бар байкушсуң! Тигилер тарай электе келсең, жай-мааниңди толук айтып калат элең да, эми айлаң эмне болот? – деп эжем кейий баштады.

Керки-балтасы колунда — шайдоот, шамдагай. Мисалы: Зууракандын керки-балтасы колунда… көңүлү келгенде тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберет.

Ач бел, куу жон — эч айла табылбаган катаал шарт, жер шартынын катаалдыгы, кыйынчылык, азап-тозок. Мисалы: ажың кабылдабай эрме чөлдө сөөгүң сөпөт, ач бел куу жондо калсаң эмне?!

Аты ыргайдай, өзү торгойдой — өтө жүдөгөн, абдан арыктаган, азып-тозгон абалда.

Жер майышкан — аябай көп, сан жеткис, жер жайнаган. Мисалы: Жети-Өзөндө Жедигер, жер майышкан көп элди, Жетик Чоро жыйды эми.

Ай десе-аркы жок, күн десе-көркү жок — абдан сулуу, ашкан сулуу, теңдеши жок. 

Бир жерге күл төгүү — макулдашып, ынтымакташып оокат кылуу.

Бирдин айындай чоюлуу — пейил күткөн, келберсиген маанайда болуу, ыңгырануу. Мисалы: кече бирөөнү чакырсаң бирдин айындай чоюлуп, деле келмеги азап.

Эшик жыртуу — тынымсыз келе берүү, тындырбоо, кайра-кайра кирип чыга берип тажатуу.

Эшик ачып, бешик түрткөн — турмуш өткөрүп калган, күйөөдөн чыккан.

Кыргызстандык Уларбек Бакырдиновдун жубайы Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: кыргыз тилин үйрөнөөрүм менен "Манасты" окуп чыгам
Эки тизгин, бир чылбыр — бийлик, толук башкаруучулук. Мисалы: булар журт бийлеп көнүп калышкан, эки тизгин бир чылбырды бирөөгө оңойлук менен бере коюшпайт.

Эки бутун бир өтүккө киргизүү — уурулугу кармалып, айыбы ачылган Дөөмдүн эки бутун бир өтүккө киргизип ишин сотко берди.

Көз жазгыруу — билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай кайда кеткенин билгизбей жок болуу.

Көз акы — кандайдыр бир ишти, же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш. Мисалы: чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал).

Жаңылыктар түрмөгү
0