БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук спорт боюнча дирекциясы "Улуттук спорттун өнүгүүсү" аттуу тасма тарттыруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан маалыматка караганда, Улуттук спорт дирекциясы тасма үчүн 1 миллион 469 миң 568 сом сарптоого даяр.
Тендер кечээ жарыяланып, мөөнөтү 13-декабрда аяктайт.