БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Казакстандын Костанай облусунда жашаган 350 килограмм салмактагы Галина Воробьева аттуу 39 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигине анын жакындары кабарлаган.
Ушул жылдын июль айында Воробьева салмагы 350 килограмм болуп кеткендиктен журналисттерге жардам сурап кайрылган. Ошол учурда ал аял салмагы канча экенин билген эмес, анткени бардык таразалар мынчалык оор салмакка ылайыкташкан эмес.
"Оор салмагынан улам аялдын ден соолугу кескин начарлап кеткен. Май айынын аягында буттары баспай, үйүнөн чыга албай калган. Суюктук чогулуп, денеси шишип кеткен. Аялды ооруканага жеткирүүдө дарыгерлер алы келбей чукул кырдаал департаментинин кызматкерлерин чакыртып араң алып чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин бир катар түрдүү клиникалар жардам беребиз деп кайрылган. Бирок бейтап кандай жардам керек экенин билбей койгондуктан клиникага барган эмес.