00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Максимальный репост
ОСАГО и страхование имущества: что нужно знать каждому кыргызстанцу?
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин XXIV шаардык фестивалы таланттуу балдарга стимул береби?
11:04
29 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Менин шаарым” мобилдик тиркемесин шаардыктар активдүү колдонууда — жаңы жылда жаңы кызмат ишке киреби?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Безбилетный проезд в Бишкеке: штрафы и рейды от мэрии
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Сүйменкул Чокморовдун чыгармачылыгы
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
1924-жылы Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүнүн кайра калыбына келиши
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Доллардын курсу көтөрүлөбү же көмөрүлөбү? Эксперттер эмне дейт?

© AFP / VANDERLEI ALMEIDA Курс доллара США
Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы үч жыл ичинде АКШ доллары жаңы жыл алдында кескин өзгөрүп, кымбаттап кеткен.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта доллардын курсу 31 тыйынга кымбаттап, 69, 2 сомго барабар болду. Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги АКШ доллары жаңы жылга чейин кымбаттайбы же арзандайбы деген суроого жооп издеп көрдү. 

Статистикалык көрсөткүчтөр…

Национальная валюта и долларовая купюра - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк эки айлык тынымдан кийин 15,5 млн. доллар сатыкка чыгарды
Эгерде акыркы үч жылды карай турган болсок, доллар жаңы жылга жакын көтөрүлүп турган. Мисалы, өткөн жылы 21-ноябрдан 31-декбарга чейин 7 сомго кымбаттап, 75,9 сомго жеткен. 

Ал эми 2014-жылы доллар жаңы жылга жакын 1,3 сомго көтөрүлсө, 2013-жылы 40 күн ичинде 42 тыйынга көтөрүлүп, 49,24 сомду түзгөн.

Журт каймактарына доллардын жогорку курсу эмне үчүн пайдалуу эмес? 

Экономика боюнча эксперт Кубат Рахимов долларын курсу бир нече факторго көз каранды болорун, тагыраагы, россиялык рублдун багытын көздөй жүрөрүн айтты. 

"Экинчи фактор — сомдун өсүп турган курсун эл аралык финансы институттардын жеңилдетилген кредиттеринин кайсы бир чегинин лимити менен кармап туруу зарылдыгы. Мисалы, учурда курс 80 сом болсо, анда ички дүң продукцияга карата мамлекеттик карыз өсүп турат. Аны менен катар эле кескин өсүп кеткен жагдай көрсөткүчтөрдү начарлатышы мүмкүн. Бул саясий журт каймактары менен финансылык жактан чүлүктөп тургандарга жакпайт", — деди ал.

Анын айтымында, үчүнчү фактор — аталган валютага карата суроо-талапты төмөндөткөн экономиканы дедолларизациялоо.

Курс кармалып турат, бирок сом ашыкча бааланган

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев сомдун куну "жасалма жол менен кармалып турганын" айтат.

"Мисалы, ал көптөн бери 69-70 сомдун тегерегинде турат. Аны өкмөт менен Улуттук банк жыл аягына чейин ушул деңгээлде кармаганга аракет кылат. Ошол эле учурда доллар 80 сомго жетиши керек эле. Муну жүргүзүлгөн изилдөөлөр тастыктап турат", — деди Шаршеев.

Ошол эле учурда баанын көтөрүлүшүнө тоскоолдук кылган башка тоскоолдуктар бар экенин айтты. Алар сомдун тартыштыгы жана доллардын банкта депозит катары кармалышы. Курс көтөрүлбөйт, себеби ал карапайым калктын чөнтөгүнө оорчулук келтирет.

Мындан да жогорулайт

БГУнун менеджмент жана социалдык-маалыматтык технология кафедрасынын жетекчиси Кеңешбек Алимбеков доллардын баасы мындан да жогорулай турганын белгиледи.

Столдогу тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жыл сайын өткөрүлгөн Doing Business рейтингинде сегиз позициядан ажырады
"Бул сезондук фактор. Жаңы жылдын алдында товарга болгон муктаждык өсөт, ал эми анын көпчүлүгү долларга сатып алынып чет жактан келет. Башкача айтканда, доллар азайып, бул анын кымбатташын шарттайт. Менин божомолумда доллар 72 сомго чейин өсөт", — деди Алимбеков.

Эксперт былтыркыдай болуп 75,9 сомдук чекке жетпей турганын белгиледи.

"Учурда дүйнөлүк экономикада былтыркыга салыштырмалуу абал башка. Мисалы, энергетика тармагындагы баанын кескин жогорулашы же рублдин девальвациясы сыяктуу көрүнүш быйыл болбойт", — деди ал. 

Экономика илимдеринин кандидаты тынчсызданууга эч кандай себеп жок экенине токтолуп, жаз менен доллар кайрадан арзандай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0