БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" аквапаркында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, кырсык тууралуу билдирүү "101" кызматына бүгүн саат 20.17де түшкөн. Бир жарым сааттан кийин өрт чектелип, чатырдын 1000 чарчы метри күйгөнү белгилүү болду.
Аймакка беш өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрт өчүрүү иштерин полковник Зарылбек Алжанов жетектеди.
Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.