БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Ош шаарынын бир катар райондоруна газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады.
Маалыматтарга ылайык, газ 18-ноябрь күнү өчөт.
"Ош шаарынын Туран, Ак-Тилек, Анар, Түлөйкан кичирайондорунда бир күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Көгүлтүр отту берүү газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.