БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы азык-түлүк сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Чек ара кызматы азык-түлүк үчүн 7 миллион 792 миң сом сарптоого даяр. Бул каражатка ун, балык жана эттен жасалган консервалар алынат.
Тендер 17-ноябрда жарыяланып, мөөнөтү 8-декабрда аяктайт.