Наргиза Осмонова: ар бир аялзатына сүйүктүү болуусун каалайм
Жакында эле Индияда өткөн "Missis Top of the World – 2016" сынагынан бешинчи орунду багындырды.
Осмонова айымдарга өздөрү сүйгөн кесип менен гана алектенгиле деген кеңешин берди.
"Айымдар, сиздер бүгүнкү күндө таптакыр көңүлүңөр тартпаган жумушта иштеп жаткан болсоңор, тезинен ошол жумушту карабай качкыла дегим келет. Себеби ал жумуштан силер бактылуу боло албайсыңар. Адам жүрөгү сүйгөн кесиби менен алектенмейинче ийгиликке дагы жетүүсү күмөн экен. Сүйгөн ишиң болсо туш тараптан идеялар курчайт", — деди ал.
Осмонова айымдар чыдамкай, күчтүү келерин айтып, жашоодо тилеги орундалган адам эң бактылуу болуп саналарын кошумчалады.
Сулуулук сынактарынын жеңүүчүсүнүн маегин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуз>>