БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Букмекерлик компаниялардын бири кыргызстандык оюнчулардын бахрейндиктерди утаарына ишенбей турганын билдирди.
Оюн бүгүн Бахрейндин борбору Манама шаарындагы улуттук стадиондо Бишкек убактысы менен саат 21.00дө башталат. Жалпысынан эки мамлекеттин командалары буга чейин 5 жолу беттешсе, алардын төртөө расмий болгон. Бардык расмий оюндар Кыргызстандын жеңилүүсү менен аяктаган. КР оюнчулары расмий эмес бир гана беттешти уткан.
Кыргызстандын жеңүү коэффициенти 8,8 ал эми Бахрейндики 1,29. Тең чыгат деген коэффициент 4,9. Эскерте кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, утууга болгон коюму ошончолук чоң болот.