БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Молдованын жаңы шайланган президенти Игорь Додонду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында молдова эли туруктуу жана ар тараптан өнүккөн Молдованын пайдасына тандоо жасады деген ишенимин билдирген.
Алмазбек Атамбаев Игорь Додонго чыӊ ден соолук жана мамлекеттик иштерине ийгиликтерди, ал эми дос молдова элине тынчтык менен бакыбаттык каалады.