БИШКЕК, 12-ноя. — Spuitnik. Талас облусунун бир катар аймактарындагы шамалдан жабыркаган турак үйлөргө ӨКМ тарабынан шифер жеткирилип берилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, 4-ноябрда Талас облусунун бир катар аймактарында катуу шамал катталып турак үйлөр жабыркаган.
"Аманбаев айыл аймагына 800 даана шифер жеткирилип турак-жай ээлерине таркатылып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан башка дагы 910 даана шифер Талас облустук башкармалыгына жеткирилип берилген. 12-ноябрдан тарта таркатыла баштайт.