БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Дубайда экологиялык мечит ачылгандыгын муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, мечит Дубайдагы "Жашыл" деп аталган районунан орун алып, 700 адамга ылайыкташкан.
"Курулушка жогорку технологиялык, экологиялык жактан таза жана айлана-чөйрөгө минималдуу терс таасирин тийгизе турган каражаттар колдонулган. Муну менен катар мечит электр энергиясын башка имараттар менен салыштырганда 90 пайызга аз керектейт", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, унаа токтотуучу жайлар күндөн энергия алып туруучу батареялар менен жабдылган.