БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Майлуу-Суу шаардык өкүлчүлүгү тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө акчалай жардамдар берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жардамга муктаж, жашоо турмушу оор делген беш үй-бүлөгө беш миң сомдон акчалай жардам берилген.
Жардам алган тургундар райондук хатибиятка ыраазычылык билдирип, мындай кайрымдуулуктар оорчулукта жөлөк болорун баса белгилешти.