АКШнын ири шаарларында Трампка каршы митингдер өтүп жатат

© REUTERS / SHANNON STAPLETONМитинг против избрания Дональда Трампа в Нью-Йорке
Митинг против избрания Дональда Трампа в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциялары ондон ашык шаарларда өтүп жатат. Вашингтондо америкалык студенттер АКШнын желегин өрттөштү.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Американын ири шаарларында Дональд Трамптын президент болуусуна каршы адамдар митингге чыкканын РИА Новости жазып чыкты.

Мелания Трамп 83-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. Лос-Анжелес - Sputnik Кыргызстан
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп. Камкор эне жана сүйкүмдүү жар
Трамп 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү аталды. CNN телеканалынын акыркы маалыматтарына караганда, Трамп шайлоочулар тандаган өкүлдөрдүн (выборщик) 290 добушун алган. Негизинен шайлоону жеңүү үчүн 270 добуш алуу жетиштүү эле. Шайланган президент тактыга расмий түрдө келерки жылдын 20-январында отурат. Демократтар партиясынан талапкер Хиллари Клинтон өзүнүн жеңилүүсүн моюндап, Трампты жеңиши менен куттуктады. Клинтон үчүн 59,8 миллион шайлоочу добушун берсе, Трамп 59,6 миллион добушка ээ болгон. Шайлоочулардын берген добушу боюнча Клинтон Трамптан 0,2 пайызга ашты. 

Нью-Йоркто Трамптын президент болуусуна бир нече миңдеген жарандар каршы болуп митингге чыгышты. Демонстранттар Манхеттендин борбордук бөлүгүндөгү көчө менен Дональд Трамп жашаган Trump Tower имаратына багыт алышкан. Дагы жүздөгөн адамдар жергиликтүү сейил бакка чогулушкан. Акциянын катышуучулары "Трамп — менин президентим эмес!" деген ураан чакырышты. 

Ушундай эле каршылык акциясы шаршемби күнү кечке жуук Нью-Йорктон сырткары Чикаго, Вашингтон, Филадельфия, Бостон, Сиэтл, Портленд, Орегон жана Остинде болуп өттү. Уюштуруучулар Сан-Франциско, Лос-Анджелес жана Оклендде каршылык марш өткөрүүнү пландап жатышат. 

Дональд Трамп избран президентом США - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп президент болду. АКШдагы кыргыз мигранттар эмне болот?
Вашингтондо студенттер АКШнын желегин өрттөөгө чейин барышты. 

АКШдагы президенттик шайлоо эки тепкичтүү системада өткөрүлдү. Алгач 50 штатта жалпы элдик шайлоо жүрдү. Ар бир штаттан жеңүүчү аталган талапкер шайлоочулар тандаган өкүлдөрдүн (выборщик) добушун алды. Жеңип чыгуу үчүн 538 өкүлдүн 270нин добушун алуу керектелген. Шайлоочулар тандаган өкүлдөр президенттикке талапкерлерге 19-декабрда формалдуу түрдө добуш беришет. Ал эми конгресс добуш берүүнүн жыйынтыктарын 2017-жылдын 6-январында расмий бекитип берет. 

Шайлоочулар тандаган өкүлдөр (выборщик) — алдын ала кайсы талапкерге добуш берерин жарыялаган штаттардагы партия өкүлдөрү болуп эсептелет. Ал өкүлдөр талапкерлерге добуш берүү укугун алыш үчүн эл берген добуштун басымдуу бөлүгүнө ээ болуусу кажет. Эл тарабынан тандалган 558 өкүлдүн 270нин добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0