БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын театрларынын флагманы болгон Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрынын 90 жылдыгын белгилөө 16-декабрга жылдырылды. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.
Буга чейин 90 жылдык юбилейди белгилөө 11-ноябрга белгиленген.
Юбилей күнү театр жамааты алгач көзү өтүп кеткен корифей артисттердин "Ала-Арчадагы" көрүстөнүнө барып, элесин эскерип гүл коюшат. Андан соң мааракелик иш-чаралар өтөт.
Бул жайда кезегинде кыргыз театр өнөрүнүн залкарлары – Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Ашыралы Боталиев, Жаманов, Таттыбүбү Турсунбаева дагы башка бир топ залкар таланттар иштеген.