БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Камактагы адамдар Бишкектеги чет өлкөлүк адамды өлтүрүү максатында киллер жалдашкан. Бул тууралуу Ички иштер министри билдирди.
Маалыматка ылайык, абактагылардын жок кыла турган кишиси мурда соттолуп чыккан КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны экени аныкталган.
"Кармалган адамдар киллерге эки миң доллардын тегерегинде акча төлөп бермей болуп, көздөгөн адамын жок кылгысы келген", — деп айтылат билдирүүдө.
Тартип сакчылары кармалгандарга Жаза кодексинин 27-беренеси (кылмышка даярдануу) жана 28-97 (өлтүрүүгө аракет кылган) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Өлтүрүүгө буйрук берген адамдар да, аны аткара турган киши да учурда камакта.
Тергөө иштери уланып жатат.